АДАМ ЖАНА КООМ предмети боюнча 2022-2023-окуу жылына карата мугалимдердин август кеңешмесине сунуштар

Адам жана коом предметинин максаты – демократиялык жана гуманисттик баалуулуктар менен принциптерге негизделген жоопкерчиликтүү, активдүү, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин билген, коомдун ар кыл чөйрөлөрүндө өз алдынча ишмердүүлүккө даяр болгон инсандын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Адам жана коом предмети – Кыргыз Республикасынын көп улуттуу коомундагы актуалдуу маселелерди көтөрүп, келечек муундун жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу, руханий дүйнөсүн байытуу жана адеп-ахлакка тарбиялоо милдетин коет. Бул максат, милдеттердин алкагында билим берүүдөгү жаңы тенденцияларды эске алуу зарыл. Алар илим, техника, инженерия, искусство жана математиканын интеграцияланган технологиясы – STEАM жана Эл аралык окуучуларды баалоо программасы – PISA болуп саналат. Бул тенденцияларды окутуу процессинде билгичтик менен пайдалануу негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга шарт түзөт. Анткени, мектептин алдында турган чоң көйгөй – компетенттүүлүктү калыптандыруу. Жалпы билим берүүнүн нормативдик документтеринде коюлган талапка карабастан мугалимдердин көпчүлүгү компетенттүүлүктү калыптандыруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүшпөйт. Бул методикалык жардамдын жетишсиздиги жана окуучулардын сабакка болгон кызыгууларынын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүлөт. Аны чечүүнүн жолдору компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган методикаларды жана тапшырмаларды иштеп чыгуу, бул процесске алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдерди тартуу болуп эсептелет.     

Жетекчиликке алынуучу нормативдик документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы (2021);
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгы (2022);
  • 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы (2020)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарындагы тарбиялык маселелер Адам жана коом предметинде төмөнкү багыттарда ишке ашат:

– өзүн курчаган чөйрө менен баарлашуу, мамиле түзүү жана кызматташуу аркылуу баланын моралдык-этикалык көндүмдөрүн калыптандыруу;

– мамлекеттин жараны катары Ата Мекенди сүйүү, сыйлоо, сактоо жана коргоо сыяктуу патриоттук сезимдерин ойготуп, тилине, динине, расасына карабастан жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу;

– коомдун өкүлү катары бардык чөйрөдөгү ишмердүүлүккө активдүү катышып, өзүнүн көз карашын билдирүүгө жана коргой алууга, башкалардын пикирин сыйлоого, толеранттуулук, гендердик жана социалдык теңдикти эске алып чечимдерди кабыл алууга тарбиялоо.  

Предметтин нормативдик документтери:

Адам жана коом предмети боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн предметтик стандарт (2015, 2022) https://edu.gov.kg  http://kao.kg/

 Адам жана коом предмети боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн программа. 5-6-кл. (2018) жана 9-10-11-кл. (2022) https://edu.gov.kg  http://kao.kg/  

2022-2023-окуу жылы үчүн Базистик окуу план боюнча кыргыз, орус, өзбек, тажик жана дунган тилдүү жалпы билим берүүчү уюмдарда Адам жана коом предмети 5-6-кл. жана 9-10-11-кл. жумасына 1 саат, жылына 34 саат окутулат. 9-класстардагы Адам жана коом предметинин 1 сааты “Диндердин өнүгүү тарыхы” аттуу жаңы предметке берилди. Ошондуктан, 9-класстын окуу программасына өзгөртүүлөр киргизилет жана 9-10-11-класстарда 2022-жылдын август айында жарык көргөн окуу программасы менен окутуу жүргүзүлөт. 5-6-класстар 2018-ж. Кыргыз билим берүү академиясында бекитилген Адам жана коом предметинин окуу программасынын негизинде окутулат.      

Предметти окутуунун өзгөчөлүктөрү

Адам жана коом предмети – коомдук илимдердин интеграцияланган жыйындысы болуп саналат. Ошол эле мезгилде бул предметти окутууда коомдо болуп жаткан заманбап процесстерди, кубулуштарды эске алуу зарыл. Мындан келип чыгып Адам жана коом предметин окутууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

– окуучунун өзүн курчаган чөйрөнү таанып-билүүгө, коомдогу социалдык, экономикалык жана саясий процесстерди, социалдык жана гендердик топтордун ортосундагы мамилелерди аңдап-түшүнүүгө көмөктөшүү;

– жеке, топтук жана коомдук турмушта өз позициясын тандоо, маданий көп түрдүү чөйрөдө инсандар аралык мамиле түзүү, өз жүрүм-турумуна жоопкерчиликтүү болуу, маалымат менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу;

– өзүнүн жарандык бирдейлигин, социалдык жоопкерчилигин аңдап-түшүнүүгө, маданияттар аралык жана улуттук баалуулуктарга негизделип ишмердүүлүгүн уюштурууга багыттоо.

Окутуунун сапатын көтөрүүдө интерактивдүү, активдүү жана салттуу методдорду сабактын максатына жана милдеттерине ылайык колдонуу керек. Алсак, быйылкы окуу жылында жеке, жуптарда жана топтордо иштөөгө багытталган өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү, укуктук талаа, менин милдеттерим менен, жашыл керектөө, финансылык сабаттуулук, таяныч схема, интеллектуалдык карта, ж.б. методдорду жана ыкмаларды колдонуу сунушталат. Бул окутуунун сапатын көтөрүп, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун ойготот.    

STEАM билим берүү – окуучунун акылын жана колун бирдей иштетүүгө басым жасайт. Т.а. алган билимин практикада жазып, айтып, чыгармачыл эмгек жаратып колдонот. Мисалы, Адам жана коом предметинде “жашыл экономика” боюнча алган маалыматынын негизинде азык-түлүктү сарамжалдуу иштетүү, буюмду кайра жасап колдонуу, таштандыны кайра иштетүү же чогултуу боюнча долбоор иштеп чыгуу, аны ишке ашырууда колдонсо болот.

PISA программасынын тапшырмалары глобалдык компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталат. Адам жана коом предметинде окуу сабаттуулугу боюнча тапшырмалардын үлгүсүнүн негизинде PISAнын сынагына даярдануу сунушталат. Бул үчүн окутуу процессинде предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу билимди өздөштүрүүнүн деңгээлдерин колдонуу зарыл.

Сунушталуучу кошумча окуу-методикалык материалдар

– 5-8-9-10-11-класстар үчүн кошумча окуу куралдары https://onlinekitep.kg/ru/

– Жарантаануу курсунун мугалиминин ресурстук китеби  9-11- класстар үчүн ШСЭАФ, Бишкек – 2014. http://kao.kg

– Менин кирешелүү чарбам. 9-11 – класстар үчүн кошумча окуу китеби. Бириккен улуттар уюмунун UN Women структурасы. Бишкек – 2016 http://kao.kg

– “Менин коопсуз жана бейпил мектебим”. 9-10-класстар үчүн кошумча окуу куралы. Геральд Гюнтер ж.б. – Б.: “Тех.плюс”, 2016. – 184 б.  http://kao.kg

– Мугалимдер үчүн методикалык жардамдар. Укуктук аймак. Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы https://ukuk.alc.kg/index.php?act=material&id=17

– Окуучулар үчүн методикалык жардамдар. Укуктук аймак. Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясы https://www.alc.kg/ukuktuk-suroolor/

– Правозащитный воркаут. Онлайн-курс https://www.eduworkout.org

– Марафон писем https://academy.amnesty.org/learn/signin

Талкуулоого сунушталган маселелер:

1. Мамлекеттик деңгээлдеги Жарлыктарды ишке ашыруунун маселелери.

2. 9-10-11-класстарда жаңы программанын негизинде окутуу процессин уюштуруу.

3. “Жарандык иденттүүлүктү калыптандыруунун” методдору.

4. Окуучулардын руханий дүйнөсүн байытуу жана адеп-ахлагын калыптандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу.

5. Санариптик технологияларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү.

6. Көрсөтүлгөн сайттарды колдонуп, окуу материалдары менен иштөө.

7. Предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун маселелери.

8. Ар түрдүү: иш-чараларды, конференцияларды, класстык сааттардын жана тегерек столдордун темаларын тактоо.

Сунушту даярдаган:

КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА – КББАнын

Социалдык-гуманитардык билим берүү

лабораториясынын ага илимий кызматкери

0777 500 406 (whatsapp)

Share:

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Categories

Архивдер

You May Also Like

0
    0
    Корзина
    Сиздин корзинаңыз бошКурсттарга кайтуу